Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курманкул Зулушев Манас жана Кара-Буура райондорунун тургундары менен жолугушту

Башкы прокурор ар бир кайрылуу кылдаттык менен каралып, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн белгиледи

Президент Садыр Жапаровдун жер-жерлерде өлкө тургундары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча тапшырмасын аткаруу үчүн Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков Манас жана Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.



Жыйында аталган аймактардын жашоочулары мыйзам бузуулар, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү, ошондой эле социалдык көйгөйлөр боюнча маселелерди көтөрүштү.



Башкы прокурор ар бир кайрылуу кылдаттык менен каралып, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн белгиледи.



Жыйынга Манас жана Кара-Буура райондорунун 200гө жакын тургундары катышты.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх