Кыргызстандык балбан Нуртилек Карыпбаев Ислам тилектештик оюндарында коло медаль тагынды
Үчүнчү орун үчүн күрөштө алжирдик спортчуну жеңип, Оюндардын коло медалын тагынды
Кыргызстандык балбан Нуртилек Карыпбаев Ислам тилектештик оюндарында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият министрлигине караштуу Спорт жана дене тарбия башкармалыгы билдирди.
Кечээ спортчу 86 килограммга чейинки салмак ченинде килемге чыккан. Нуртилек Карыпбаев 1/8 финалда ирандык балбанга утулуп калды. Үчүнчү орун үчүн күрөштө алжирлик спортчуну жеңип, оюндардын коло медалына ээ болду.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз