Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК акыйкатчы институтун популисттик пиардан жана тергөө аракеттерине кийлигишпөөгө чакырды

Атайын кызмат Юрий Низовскийдин иши боюнча укук коргоочуларга кайрылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети акыйкатчы институтун популисттик пиардан жана тергөө амалдарына кийлигишпөөгө чакырды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз борбору билдирди.

«Тергөө ар тараптуу, толук жана объективдүү, коргонуу укугу менен жүргүзүлүүдө», - деп белгилешти алар. - Ошого жараша айыпталуучу Низовскийдин катышуусу менен тергөө амалдары жактоочунун катышуусунда жүргүзүлгөн. Катышуучулар (тергөөчү, соттолуучу, жактоочу, зарыл болгон учурда котормочу) Жазык-процесстик кодексинин ченемдери менен так аныкталган. Бирок, Акыйкатчынын өкүлдөрү тергөөчүнүн иш бөлмөсүнө келип, Низовскийдин катышуусунда тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Юрий Низовскийдин баш коргоо чарасын өзгөртүү чечими бир катар жагдайлардан улам кабыл алынган.

«Гумандуулуктун  принциптерин жетекчиликке алып, Низовскийдин жашын жана ден соолугунун абалын эске алуу менен баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү чечими кабыл алынды», - деп түшүндүрүштү алар. Тергөөнүн объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбөө үчүн биз Акыйкатчы институтун популисттик пиардан алыс болууга жана жүргүзүлүп жаткан тергөө аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырабыз.

Ошону менен бирге аталган башкармалык мыйзамдардын талаптарына ылайык, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнө УКМКнын СИЗОсунда камактагы  адамдарды тоскоолдуксуз кабыл алуу камсыздалганын эскертти. .

УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх