Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан Японияга 400 тонна бал жөнөтөт

Токиодо соода компанияларынын ортосунда келишимге кол коюу болуп өттү

Кыргызстан Японияга 400 тонна бал берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

«Токиодо кыргызстандык жана япониялык соода компанияларынын ортосунда бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду», — деп билдирди Тышкы иштер министрлиги. - Келишим сүйлөшүүлөрдүн негизинде жана Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилигинин ортомчулугу менен болду. Компаниялардын келишимдерине ылайык, аталган көлөмдөгү бал Японияга бир нече этап менен жеткирилет. Жакын арада 20 тонналык биринчи контейнер экспорттолот».

Ата мекендик продукцияларды жана товарларды чет өлкөлөргө даңазалоонун алкагында Японияга 2021-жылы 43,4 тонна, 2020-жылы 15,7 тонна, 2019-жылы 13,4 тонна, 2018-жылы 8 тонна бал экспорттолгон.


ТИМ басма сөз кызматы
Фотосүрөт

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх