Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти

Сметалык шайлоо участкаларын ачууга, жабдууга жана иштөөсүнө зарыл болгон бардык чыгымдарды эске алуу менен эсептелет

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы № 280 ПЖ Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2022-жылдын 9-октябрына дайындалды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн чыгымдардын сметасын 1341 миң сом жалпы суммасында бекитти, анын ичинде:

- Борбордук шайлоо комиссия Кадамжай шайлоо комиссиясынын, шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө зарыл болгон борборлоштурулган сатып алууларды жүзөгө ашыруу үчүн чыгым 685.4 миң сом суммасында;

- Кадамжай шайлоо комиссиясынын жана 5 учаскалык шайлоо комиссияларынын жалпы суммасы 655,6 миң сом чыгымдардын сметасына ылайык бөлүштүрлөт.

Маалымат үчүн: Смета төмөн турган шайлоо комиссияларын ачуу, техникалык жактан жабдуу жана алардын иштөөсү үчүн зарыл болгон бардык чыгымдарды эске алуу менен түзүлөт. АШК жана УШК мүчөлөрүнүн жалпы саны 75 адамды түзөт. АШКда – 12 адам, 5 УШКда – 63 адам. Ошондой эле , автоматтык эсептөөчү урналарды тейлөөгө ишке тартылган 5 операторго эмгек акы төлөнөт.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх