Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте аял алтын сатууга жардам берем деп 703 миң сомун алып, изин жашырып кеткен

Шектүү кармалып, шаардык убактылуу кармоочу жайга киргизилген

Бишкекте алтын буюмдарды сатууну убадалап, ири суммадагы акчаны ээлеп алып, изин жашырып кеткен алдамчы кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

«Шаардын тургуну РИИБге кайрылып, чала тааныш аял анын алтын буюмдарын сатууга жардам берүүнү убадалап, 703 миң 600 сом акча каражатын ээлеп, андан соң изин жашырып кеткендигин билдирген», - деп айтылат милициянын маалыматында. - Бул арыз боюнча 209-берене “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, кармалган. Андан соң Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх