Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы Кытайдан келген гранттын эсебинен оңдолуп жаткан жолдорго пресс-тур өткөрдү (фото)

Көчөлөрдү реконструкциялоо “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө

Бишкек шаардык мэриясы КЭР грантынын эсебинен оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан жолдорго пресс-тур өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

 

«Реконструкциялоо иштери «Бишкек жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында (2-фаза) КЭР грантынын эсебинен жүргүзүлүүдө», - деп белгилешти мэриядан. - Жолду реконструкциялоо боюнча долбоорлор «Бишкекглавархитектура» мамлекеттик мекемеси тарабынан берилген архитектуралык-пландоо шарттарынын негизинде иштелип чыгып, экологиялык жана мамлекеттик экспертизадан өткөн».


Мэриянын маалыматына караганда, Турусбеков көчөсүн бойлой Ташкент көчөсүнөн Боталиев көчөсүнө чейин оңдоо иштери жүрүп жатат. Жолдун жалпы узундугу 2340 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метр, тротуарлардын туурасы эки тарабында 1,5-2,25 метрди түзөт.


Панфилов көчөсү менен Медерова көчөсүнөн Чыгыш Бишкек Чүй каналына чейин курулуш уланууда. Жолдун жалпы узундугу 780 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метр, тротуарлардын туурасы эки тарабында 3 метрди түзөт.


Орозбеков көчөсү Түгөлбай ата көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин жаңыланууда. Жолдун жалпы узундугу 290 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метр, тротуарлардын туурасы 1,5 метрди түзөт.


Кулатов көчөсүнүн Каракульская көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө да иштер уланууда. Жолдун жалпы узундугу 1400 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метр, тротуарлардын туурасы эки тарабында 2,25-3 метрди түзөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх