Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине балдарга каршы кылмыштар үчүн жазаны катаалдаштыруу боюнча өзгөртүүлөрдү жактырды

Тиешелүү беренелер боюнча эскирүү мөөнөтү, мунапыс жана шарттуу бошотуу жокко чыгарылды

Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине балдарга каршы кылмыштар үчүн жазаны катаалдаштыруу боюнча өзгөртүүлөрдү жактырды. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кылмыш-жаза кодексине, «Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө» мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди», - деп белгилешти алар. - Документ балдарды коргоо чөйрөсүн реформалоону ишке ашыруу максатында кол коюлган жана жыныстык кол тийбестикке болгон укуктарын, ошондой эле балдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан  коргоону камсыз кылууга багытталган. Мыйзамга ылайык, балдардын жыныстык кол тийбестигине жана руханий жана адеп-ахлактык ден соолугуна каршы кылмыш жасагандыгы үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтү жана айыптын өлчөмү көбөйтүлүүдө. Мындан тышкары, мындай кылмыштарды жасагандар эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен, психикалык оорудан же психикалык жактан убактылуу бузулганда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбайт. Ошондой эле бул адамдарга карата шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жана мунапыс колдонулбайт».

Тактап айтканда, балдарга каршы кылмыш жасагандарга жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзамды парламент 30-июнда кабыл алган.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх