Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токтогул суу сактагычынын Барчын жана Чычкан дарыяларынын участкаларында браконьерлерге каршы рейддер өткөрүлдү

500 метрден ашык балык уулоочу торлор алынып, жок кылынды

Жалал-Абад облусундагы Токтогул суу сактагычынын Барчын жана Чычкан дарыяларынын тилкелеринде браконьерлерге каршы рейддер өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

«Министрликтин мамлекеттик инспекторлору тарабынан дарыялардын көрсөтүлгөн тилкелеринде балык запастарын коргоо боюнча атайын рейддер өткөрүлдү», - деп билдирди басма сөз кызматы. «Натыйжада браконьерлерге таандык 500 метрден ашык балык уулоочу торлор табылып, алынып, жок кылынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы


Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх