Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын элчиси Ирандын өнөр жай, тоо-кен жана соода министринин орун басары менен жолугушту

Тараптар сентябрь айында Бишкек жана Ош шаарларында өтүүчү бизнес форумдарды жана көргөзмөлөрдү талкуулашты

Кыргызстандын элчиси Турдакун Сыдыков Ирандын өнөр жай, тоо-кен жана соода министринин орун басары, сооданы өнүктүрүү уюмунун жетекчиси Алирез Пейманпак менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

«Экономикалык дипломатияны илгерилетүү алкагында тараптар сентябрь айында Бишкек жана Ош шаарларында өтө турган көргөзмө иш-чараларын жана бизнес-форумдарды талкуулашты», — деп билдирди дипломатиялык бөлүм. «Ошондой эле Бишкек жана Тегеран шаарларында эки өлкөнүн экспорттук потенциалын көрсөтө ала турган туруктуу көргөзмө экспозицияларынын (шоу-румдардын) ачылышына да токтолушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы
Фотосүрөт

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх