Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ: РФда иштеген КРнын жарандары 3-сентябрга чейин чыгуу-кирүү процедурасынан өтүшү керек деген маалымат чындыкка дал келбейт

Министрлик мекендештерди Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын сактоого чакырат

Социалдык тармактарда Орусияда Кыргызстандын жарандары 2022-жылдын 3-сентябрына чейин чыгуу-кирүү жол-жобосун жүргүзүү, андан соң үч ай гана миграциялык каттоодон өтүү зарылдыгын белгилеген мыйзам кабыл алынганы тууралуу маалымат тарап жатат. Бул туура эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарын миграциялык каттоого каттоо мурдагыдай эле Россия Федерациясынын аймагына алардын иш жүзүндө жашаган жери боюнча кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде эмгек келишиминин негизинде бир жыл.

Ошентип, эгерде Кыргызстандын жарандарынын Россияда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери болсо, үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрына чейин жана андан кийин чыгуу-кирүү процедурасын жүргүзүүнүн зарылчылыгы жок.

Министрлик мекендештерден Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын сактоону суранат.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх