Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы  райондук билим берүү борборлорунда комиссия башталып, анда кичи участокто жашаган ата-энелердин, электрондук кезекке эки этапка кирбей калган балдардын арыздары каралып жаткандыгын билдирет.

Бул комиссиялар Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачеванын 2022-жылдын 29-июлундагы “Балдарды 1-класска кабыл алуу жөнүндө” протоколдук буйругунун, Билим берүү башкармалыгынын №223 буйругунун негизинде, ошондой эле "Мектепке электрондук каттоо" АМС электрондук каттоодон өтпөгөн шаардыктардын арыздарын объективдүү кароо максатында  өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын  райондук билим берүү борборлоруна балдарды «Мектепке электрондук кабыл алуу» АМС аркылуу 1-класска кабыл алуу боюнча миңден ашуун кайрылуулар келип түшкөн. Негизинен төмөнкү мектептерге чоң муктаждык бар:

- Свердлов району (№ 1, 38, 4, 12, 66, 46, 45, 52, 10, 65, 51);
- Биринчи май району (№ 70, 29, 6, 28, 69);
- Октябрь району (26, 62, 88, 63);
- Ленин району (13, 9, 25, 68, 31).