Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда олуттуу жылыштар бар

Министрлер кабинетинин башчысы долбоордун активдүү фазасы жакын арада башталаарына ишеним билдирди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык тармактарга өзгөчө көңүл буруу менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Кытай эл республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцяндын Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу билдирүүсүн айтты.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу үч өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү жана элдин бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон маанилүү аймактык долбоор экени белгиленди.

Кытай тарап үч тараптын биргелешкен аракетинин аркасында темир жол куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу ийгиликтүү башталганын канааттануу менен баса белгилеп, аны алдыга жылдыруу үчүн кыргыз жана өзбек тарап менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Акылбек Жапаров Кытай эл республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцянга кайрылуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы үчүн темир жол куруу долбоорун ишке ашыруунун артыкчылыктуу маанисин белгиледи.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда олуттуу жылыш бар. Жакында долбоордун активдүү фазасы башталат деп ишенебиз», - деди ал.

Жолугушууда Ду Дэвэнь Кытай тарап кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иш убактысын 2022-жылдын августунан 31-октябрына чейин эки саатка узартуу чечимин кабыл алганын билдирди.

Мындан тышкары, Кытай тарап эки мамлекеттин ортосундагы каттамдардын санын көбөйтүүгө даяр экендигин билдирди (учурда эки жумада бир каттам бар). Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамдарынын жыштыгын жумасына үч жолуга чейин көбөйтүү пландалууда.

Элчи ошондой эле үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргызстанга алдыңкы кытайлык офтальмологдордун келиши күтүлүп жатканын, алар “Экспресс ден соолук” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын муктаж болгон 550 жарандарына  көздүн катарактасына операцияны бекер жасоого даяр экендигин белгиледи.

Кыргыз тарап Кытайдын негизги соода-экономикалык өнөктөшү катары маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча мындан аркы жемиштүү иш алып барууга даяр экендигин белгиледи.

Минкаб басма сөз кызматы
Сүрөт Минкаб басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх