Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту (фото)

Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду

Түркияга болгон иш сапарынын алдында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы бир туугандык жана стратегиялык өнөктөштүк рухуна негизделген эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилешти. Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун түзүү (инвестициялык) боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар ошондой эле соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынынын иш планын ишке ашыруу жана аны жакынкы аралыкта өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде Жээнбек Кулубаев Фуат Октайга жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун саламын айтты.

Жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө каалоолорун билдиришти.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү
Сүрөт ТИМдин маалымат бөлүмү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх