Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын Украинадагы элчиси кыргызстандыктарды өлкөдөн чыгып кетүүгө жана жаңы сапарлардан баш тартууга чакырды

Дипломатиялык департамент жаңжал жакынкы күндөрү күчөп кетиши мүмкүн деп кооптонууда

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов кыргызстандыктарды өлкөдөн чыгып кетүүгө жана жаңы сапарлардан алыс болууга чакырды. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы социалдык тармактардагы баракчасына эскертүү жарыялады:

"Көңүл бургула!

Урматтуу мекендештер!

Украин бийликтеринин сунуштарына байланыштуу, коопсуздукка коркунуч туудургандыктан, Киевдин борбордук бөлүгүнө, эл көп чогулган жерлерге баруудан, ошондой эле Украинанын аскердик жана административдик мекемелеринин жанында болбооңузду суранабыз.

Элчилик дагы бир жолу Украинанын аймагына барууну пландап жаткан Кыргызстандын жарандарын сапарды убактылуу жылдырууга, ал эми Украинада калгандарды кырдаал толук турукташканга чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх