Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунда «Курулуш-Тейлоо» асфальт-бетон заводунун иши токтотулду

Заводго уруксаат кагаздарын алуу жана чыккан газ фильтрлерин орнотуу боюнча буйрук жөнөтүлгөн

Жакында интернетте Ош облусунун Кара-Суу районунун Топ-Терек айылына жакын жерде жайгашкан асфальт-бетон заводунан кара түтүн чыгып жатканы тууралуу маалымат пайда болгон. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.



Маалыматтын негизинде аталган мекеменин мамлекеттик инспекторлору жеринде иш сапары менен болушту.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнө караштуу Каратай айылында Ош-Эркештам унаа жолунун 26-чакырымында “Курулуш-Тейлоо” ЖЧК ишканасынын контролдоо-өлчөөчү жабдууларын мыйзамсыз иштетүү учурунда кара түтүн каптаган.



Текшерүүнүн жүрүшүндө «Курулуш-Тейлоо» ЖЧКсынын асфальт-бетон заводун иштетүүгө Энергетика жана соода министрлиги тарабынан берилген уруксат кагаздары жок экендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен министрликтин өкүлдөрү тиешелүү уруксат кагаздарын алуу жана газды чыпкалоочу фильтрлерди орнотуу боюнча буйрук жөнөтүштү. Заводдун иши толугу менен токтотулган.

Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт ММКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх