Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокенде педофил өмүр бою эркинен ажыратылды

Бузуку кызды үйүнө азгырып, анын алсыз абалынан пайдаланган

Бир күн мурун Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту жашы жете элек кызды зордуктаган деп айыпталган жаранга карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ал киши өмүр бою эркинен ажыратылган.

Эске салсак, сөз ушул жылдын 26-майында Ноокен районунда болгон окуя тууралуу болуп жатат. Анда 28 жаштагы айыл тургуну 6 жаштагы үч кызды тыт жейбиз деген шылтоо менен үйүнө алып келген. Айыптоо корутундусуна ылайык, соттолуучу 2016-жылы туулган жашы жете элек кыздын алсыз абалынан пайдаланып, баланы үйүнө алып барып, жыныстык катнашка барган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх