Кыргызстандык кинологдор Казакстанда окууларын аяктады
Борбор Азия мамлекеттеринин кинологиялык кызматтары издөө иштерин жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашышты
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун кинологдору Казакстанда өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кинологиялык кызматтары үчүн мастер-класска катышууда. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Тренингдин максаты кинологдорду жана издөөчү иттерди даярдоо деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле издөөчү иттерди даярдоо жана окутуу боюнча Борбордук Азиянын өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кинологиялык кызматтарынын ортосунда тажрыйба алмашуу болуп саналат.
Бул иш-чара Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун каржылык колдоосунда Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардын тобокелин азайтуу борбору тарабынан жүргүзүлүүдө.
Сүрөт www