Жалал-Абад шаарындагы дүң дүкөндөрдө жасалма спирт сатылууда
Тойлор үчүн лицензиясы жок продукциялар сатылып алынган
УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз түрдө алкоголдук ичимдиктерди чыгарган Жалал-Абад шаарынын тургундарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрында Жалал-Абад шаарында колго жасалган алкоголдук продукциянын ири партиясы аныкталып, кармалган.
Үч даректи тинтүү учурунда жасалма алкоголдук ичимдиктер, жасалма акциздик маркалар, алкоголдук ичимдиктерди сатуудан түшкөн каражаттар, ар кандай фильтрлөөчү шаймандар табылган.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагындагы дүң соода түйүндөрүндө жана коомдук тамактануу жайларында майрамдык салтанаттарга жана иш-чараларга карата соода-сатык жүргүзүлдү.
«Ошол эле учурда контрафакттык продукция калктын ден соолугуна потенциалдуу зыян келтирет, анткени продукция сапатсыз, каттоодон өтпөгөн жана текшерилбеген, өндүрүш жана керектөө көзөмөлсүз калууда.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», - деп жыйынтыктады УКМК.
Сүрөт www