Бириккен Араб Эмираттары менен Ысык-Көлдө жыл бою иштей турган заманбап эс алуу жайын куруу маселеси талкууланууда
БАЭ Кыргызстандан ШКУга кирүү демилгесин колдоону суранат
“Персия Булуңу + Борбордук Азиядагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши” стратегиялык диалогунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик тышкы иштер министри Халифа Аль-Марардын жолугушуусу болуп өттү. .
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар 2023-2027-жылдарга ССАГПЗ+ЦА биргелешкен иш-аракеттер планын ишке ашырууну баштоо жана саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү боюнча ишти улантууну макулдашышты.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Президентинин ушул жылы БАЭге расмий сапарын даярдоо жана уюштуруу үчүн негиз түзүү максатында жакын арада ТИМ аралык саясий консультацияларды өткөрүү чечимине келишти.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду жогорку деңгээлде жүргүзүүнү макулдашты, ага байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жыл аягына чейин БАЭге иш сапары менен барат.
Ошондой эле, Кыргызстанга эмираттык “Мамлекеттик акселератор” тажрыйбасын киргизүү жана эмират тараптын Ысык-Көлдүн жээгинде жыл бою иштей турган заманбап эс алуу жайын куруу маселелери талкууланды.
Аль-Марар БАЭнин ШКУга кирүү демилгесин колдоону суранды, ага Кулубаев Кыргыз Республикасы эмират тарапты колдоого даяр экенин белгиледи. Өз кезегинде Кулубаев БУУнун шайлануучу органдарынын алкагында Кыргызстандын талапкерлигин колдоону өтүндү.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кулубаев кыргыз тарап БАЭ элчилигинин Кыргызстанда ачылышын күтүп жатканын билдирди. Аль-Марар эмират тарап бул маселеге чоң маани берерин жана БАЭ өкмөтү жакын арада оң чечим кабыл аларын баса белгиледи.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү
Сүрөт www