«Спекулант» ЖЧКсынын башкы директорун Ташиевдин уулу менен байланышы бар деп коркуткандар кармалды (фото)
Алдамчылар орусиялык ишкердин көйгөйлөрүн укук коргоо органдары менен акчага чечип берүүнү убада кылышкан
УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү («Алдамчылык») менен КЖБРге катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Д.М.С.» жана С.А.К. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалган.Жеке кызыкчылыгын көздөп, «Спекулант» ЖЧКсынын башкы директорунун ишенимине кирип, Россия Федерациясынын жараны С.В., анын маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү убада кылып, ири өлчөмдөгү чет өлкө валютасын алышкан.
Белгилей кетсек, "Д.M.С." жана С.А.К., убадаларын мурда аткарбай, алынган акча каражаттарын жеп алуу максатында «Спекулант» ЖЧКсынын башкы директорунун жакындарына кысым көрсөтүп, ошол эле учурда республиканын жогорку жетекчилиги менен жеке байланыштарын, ошондой эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу менен жеке тааныштыгын айтып коркутуп-үркүтүшкөн.
Сотко чейинки текшерүү учурунда "Д.М.С." жана С.А.К. мойнуна алды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети республиканын жарандарына укук коргоо жана башка органдар менен маселелерди чечүүдө кандайдыр бир жол менен көмөк көрсөтүүгө ниеттенген, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилиги менен жеке байланыштарын пайдаланган же жашырынган адамдарга ишенбөө өтүнүчү менен кайрылат.
УКМКнын басма сөз борбору