Равшан Жээнбеков оппозиция Садыр Жапаровдун “алтын комиссия” боюнча чечимин колдой турганын айтты
Буга чейин президент оппозиция өкүлдөрү кыргыз алтынынын чет өлкөлөргө сатылышын текшерүү боюнча комиссияны жетектесе болорун айткан
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жеенбеков президент Садыр Жапаровго өлкө башчынын “Кабар” агенттигине берген маегинде оппозиция алтындын башка өлкөлөргө сатылышын текшере турган комиссияны жетектесе болот деген сөзү боюнча кайрылды. Тиешелүү билдирүүнү оппозициялык саясатчы социалдык тармактардагы баракчасына жазды.
«Оппозиция Садыр Жапаровдун «Алтын комиссияны оппозиция жетектей алат» деген сөзүн колдойт», - деп жазган ал. «Азыр бийликтен конкреттүү кадамдарды күтүп жатабыз».
Эске салсак, буга чейин курамына Равшан Жээнбеков баш болгон бир катар оппозициялык саясатчылар жана коомдук активисттер кирген Бириккен демократиялык кыймыл Садыр Жапаровдон, министрлер кабинетинен жана Жогорку Кеңештен Кыргызстандагы алтындын башка өлкөлөргө сатылып жатканы боюнча отчет берүүнү, түшкөн каражаттар ага кандайча жумшалганын түшүндүрүп берүүнү талап кылган.
Сүрөт www