Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төрөбаев менен Зулушевге Кара-Суудагы милиционерлердин системалуу өзүм билемдиги тууралуу айтылды

Жергиликтүү тургундар прокурорлор менен соттордун үстүнөн да арызданышкан

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары  Бакыт Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев Ош облусунун Кара-Суу шаарынын жана Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургундары бир катар көйгөйлүү маселелерди, анын ичинде жергиликтүү укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өзүм билемдигине байланыштуу маселелерди көтөрүштү.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Кара-Суу райондук ИИБ кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери системалуу мүнөзгө ээ болууда. Райондук прокуратуранын жана сот кызматкерлеринин дарегине да көптөгөн арыздар түшкөн. Кыймылсыз мүлк рыногундагы шылуундардын кесепети жергиликтүү тургундардын дагы бир көйгөйүнө айланууда. Аталган жана башка суроолор жеринде каралууда. Чечилиши убакытты талап кылган маселелер тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан катталууда.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-17-сентябрына чейин Нарын жана Ысык-Көл облустарында ушундай эле эл менен жолугушуулар өткөрүлөт.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх