Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Композитор Түмөнбай Колдошев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова ээлеген кызматынан бошотулду. Ошондой эле, кинематография департаментинин директору Муктали Бектеналиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Борбордук аппараттын кызматкерлери менен жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түмөнбай Колдошев өкмөттүн аппарат жетекчисинин буйругуна ылайык Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалганын билдирди.

Эдил Байсалов тиешелүү министрликтин ишин эскирген иш ыкмаларын, демилгесиздикти жана замандын талабына, маданияттын заманбап тенденцияларына жооп берген жаңы идеяларын сынга алды.

«Мен кесиптештеримди Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ведомствонун алдына койгон милдеттерин ишке ашыруу үчүн биримдикте иштөөгө чакырат элем», - деди ал.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх