Кыргызстандык "Балдар жаңы толкуну - 2022" эл аралык музыкалык сынагынын финалына чыкты
Буга чейин Кара-Балта шаарынан келген Сафина Самиева орус романсын аткарып көрүүчүлөрдүн купулуна толгон
Кыргызстандык Сафина Самиева "Балдар жаңы толкуну - 2022" эл аралык музыкалык сынагынын финалына чыкты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкектеги Орус үйүнөн билдиришти.
- Кара-Балта шаардык балдар музыкалык мектебинин окуучусу Москвада өткөн жарым финалдан өтүп, Сочиде өтө турган "Балдар жаңы толкунунун" финалдык баскычында 9 өлкөдөн келген 12 аткаруучунун катарына кирди, - дешти алар. - Сафина Самиева Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тамара Рублинскаянын тарбиялануучусу. Вокалист буга чейин музыкалык сынактарга катышып келген. Ал 2021-жылы "Борбор Азиялык Романсиада" орус романс аткаруучуларынын эл аралык сынагынын 1-сылыгынын лауреаты. Самиева өткөн жылы Бишкекте өткөн балдардын “Карусель” музыкалык фестивалында да жеңүүчү болгон.
Михаил Готфрид
Сүрөт www