Энергетика министрлигинин жетекчиси Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш иши козголгон
Аткаминер бюджеттин акчасын пайдаланып, тиешелүү тармакта адис эмес кызматкерлерди чет өлкөгө жөнөткөн
Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча эки кылмыш ишин козгоду.
Энергетика министри Бекмурзаев 2021-2022-жылдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тиешелүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен БУУга чет өлкөлүк командировкага жөнөткөн. Араб Эмираттары, Түркия, Өзбекстан жана Россия, анын кесепетинен мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирилген.
Мындан тышкары, Бекмурзаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексинин объектилерин капиталдык оңдоодон өткөрүүдө «Б» ЖЧКсына 15 миллион сомдон ашык зыян келтирген.
Натыйжада Энергетика министринин кылмыштуу аракеттери мамлекеттин жана жеке адамдардын кызыкчылыгын одоно бузууга алып келип, ири өлчөмдө зыян тарткан.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www