Чаткал районунун бир катар аткаминерлери алтын казган компанияга козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды (фото)
Алардын баары УКМКнын Жалал-Абад облусундагы СИЗОсуна киргизилди
УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан алтын казуучу компаниянын башкы директору КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмыш ишинин алкагында алтынды мыйзамсыз ташып жүргөндүгү үчүн кармалды. Аллювий алтынын мыйзамсыз казып алууну жана сатууну жашыруу максатында Чаткал районунун бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп алышкан.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чаткал районунун кызмат адамдарынын компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, материалдык пайда алуу максатында экологиялык коопсуздукка, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч келтирген фактылары аныкталган.
Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында Чаткал районунун төмөнкү кызматкерлери кармалган:
- Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы «С.К.К.»;
- Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы «Ж.Н.Ж.»;
- Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары «С.А.К.»
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Регионалдык дирекциянын Чаткал району боюнча Контролдук-инспектордук кызматынын башкы инспектору «Б.З.Ж.»
Мындан тышкары алтын өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү да кармалган.
Бул адамдарга өзгөчө оор кылмыш жасаган деген шек менен айып тагылган. Алар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына камалды.
УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү