Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Токтогул ГЭСин жана Камбар-Ата ГЭС-2ди текшерди

Энергетикалык ишканалардын жетекчилери алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык көрүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Токтогул ГЭСинин жана Камбар-Ата ГЭС-2нин абалы менен таанышты. Бул тууралуу аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

«Аталган ГЭСтерден тышкары, Төрөбаев Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга даярдык иштеринин жүрүшүн дагы текшерди», - деп айтылат министрликтин маалыматында. - Бул иш-чаралар, ошондой эле алдыдагы күз-кыш мезгилине жылуулук берүү жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого даярдык көрүүнүн алкагында бир күн мурун энергетика тармагынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүлдү.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх