ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары Армения-Азербайжан чек арасындагы кырдаалды талкуулашты
Уюмдун кезексиз сессиясына Садыр Жапаров да катышты
Президент Садыр Жапаров Армения тараптын демилгеси менен өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы кезексиз сессиясына катышты, деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы.
Кезексиз сессия Армения-Азербайжан чек арасындагы кырдаалга арналды.
Садыр Жапаров Кыргызстан эки дос мамлекеттин чек арасындагы кырдаалдын курчушуна өтө тынчсызданып жатканын белгиледи.
Ал кырдаалды саясий жана дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуунун зарылдыгын баса белгиледи жана эки тарап мындан ары да күч колдонуудан алыс болуп, Армениянын ортосундагы ишенимди чыңдоо чараларынын негизинде өз ара бардык пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечет деген үмүтүн билдирди.
Сүрөт www