ИИМ Азимбек Бекназаровдун уулунун кармалышынын себебин атады
Руслан Бекназаров социалдык тармактарда экстремизмди пропагандалаган деп шектелүүдө
ИИМдин Тергөө кызматы социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратуу боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, Facebook социалдык тармагындагы мониторингде Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» кыймылынын экстремисттик-террордук уюмунун идеологиясын үгүттөгөн материалдарды жарыялаган жана тараткан аккаунт аныкталган.
«Бул факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча катталган. Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында жаран Р.Б. 1981-жылы туулган ал ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып келинди», - деп жыйынтыктады укук коргоо органдары.
Тактап кетели, кеп экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров жөнүндө болуп жатат. Буга чейин Vesti.kg сайты Бекназаровдун үйү жана кеңсеси тинтүүгө алынганын жазган.
Сүрөт www