Кеңешбек Дүйшөбаев, Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбеков жана башка оппозиционерлерди Кумтөр боюнча комиссиянын курамына киргизүүнү суранууда
Оппозициялык Бириккен демократиялык кыймылдын билдирүүсү
Бириккен Демократиялык Кыймыл Кумтөр жана Кыргызстандын алтыны боюнча маселелерди маанилүү жана көйгөйлүү деп эсептейт, ошондуктан биз оппозициялык кыймыл катары бул маселени көп көтөрүп келебиз. Бүгүнкү күндө коомдо бул көйгөйлөр боюнча көптөгөн суроолор бар. Президент Садыр Жапаров менен Премьер-министр Акылбек Жапаровдун оппозициядан конкреттүү сунуштарды күтөбүз деген билдирүүсүнөн кийин БДК комиссиянын курамына төмөнкү адамдарды киргизип, иликтөөнү сунуштайт:
1. Кеңешбек Дүйшебаев;
2. Клара Сооронкулова;
3. Равшан Жээнбеков;
4. Рита Карасартова;
5. Айбек Теңизбаев.
Ошол эле учурда бул комиссиянын курамына жарандык коомдун жана массалык маалымат каражаттарынын белгилүү өкүлдөрүн киргизүүнү талап кылабыз.
Биз комиссияга кирип, ачык-айкын, документтердин толук жеткиликтүүлүгүнүн негизинде иштеп, элге толук маалымат берүүгө даярбыз жана президент Садыр Жапаровдун сунушу менен бул комиссияны жетектөөгө даярбыз.
БДКнын маалымат кызматы
сүрөт www