Кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу
Түн ичинде тараптар кошумча күчтөрдү чыгарып кетишти
УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы бүгүн, 15-сентябрда саат 08:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу деп билдирди.
Түн тынч өттү, эч кандай окуя катталган жок.
Мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, түн ичинде тараптар туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күчтөрдү жана каражаттарды алып чыгууну аякташты.
Укук коргоо органдары чек ара аймактарында биргелешкен күзөт иштерин жүргүзүштү.
Окуялар болгон чек аранын такталбаган участокторуна тараптардын чек ара отряддары коюлган эмес.
УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде абалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды улантууда.
Сүрөт www