Бишкекте тоноочулар 8 миң доллар алып, райондук сот аларды үй камагына чыгарды (фото)
Милиция кармалгандардын башка кылмыштарга катыштыгын текшерип жатат
Бишкекте шаар тургунунан 8 миң доллар алып кеткен каракчылар кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбордун Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Каракчылар физикалык күч колдонуп, Руставели көчөсүнүн аймагындагы жарандын акча салынган капчыгын тартып алышкан», — деп айтылат укук коргоо органдарынан. Тоноо 3-сентябрда саат 04:30да болгон. Жабырлануучу бизге кайрылып, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында тоноочулукка шектүүлөр кармалды. Ленин райондук соту аларды үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Азыр алардын башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.
Михаил Готфрид
Сүрөт www