Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын Коргоо министри армиядагы өз жанын кыйгандар боюнча: Жаштар арасындагы өз жанын кыйгандардын статистикасын караңыз. Бул коомдогу чоң көйгөй

Ошол эле учурда Бактыбек Бекболотов офицерлердин сапаты көптү талап кылаарын моюнга алды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Коргоо министри Бактыбек Бекболотов аскер кызматкерлеринин өлүмү боюнча түшүндүрмө берди.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков кесиптештеринен туура суроолорду берип, Коргоо министрлигинин генералдары менен офицерлеринин намысын түшүрбөөнү өтүндү.

«Мен кесиптештеримден туура суроолорду берип, куралдуу күчтөрдүн командирлеринин ар-намысын жана кадыр-баркын түшүрбөөнү суранат элем», - деди Таштанбеков депутаттарга. - Армия эс алуу жайы эмес, чыныгы эркектердин мектеби. Аскердеги өз жанын кыйган жоокерлерди, бейбаштыктарды бир дагы министр, бир дагы командир жок кыла албайт. Куралдуу күчтөрдө дедовщина дайыма болуп келген.

Депутат Айсара Абдибаева аскерлердин өлүмүнө армиядагы тарбия иштеринин начардыгы себеп деп эсептейт.

«Акыркы жылдары жоокерлердин өлүмү көп катталууда», - деп эскерет эл тандоосу. - Буга ким жооп берет? Анын себебин куралдуу күчтөрдөгү тарбия иштеринин начардыгынан көрөм. Бул сааттарды көбөйтүүгө болобу?

Өз кезегинде коргоо министри Бекболотов армияда мындай учурларды азайтуу боюнча иштер жүрүп жатканын түшүндүрдү.

«Албетте, жоокерлердин өлүмү үчүн биз жоопкерчиликтүүбүз», - деп жооп берди министр. «Бирок биз аскер кызматкерлерин сырттан чакырбай, коомдон тартабыз. Коомдогу жаштар арасындагы суициддердин статистикасын карагылачы. Бул коомдун чоң көйгөйү, биз билим берүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүгө аракет кылып жатабыз. Чакырылгандардын окуу жайларда башталгыч аскердик даярдыгы жетиштуу эмес. Албетте, офицерлердин сапаты боюнча суроолор бар.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх