Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Общеобразовательная выставка

Эртең менен Тажикстан Кыргызстандын чек ара заставаларын аткылашты

Чек арада кайрадан кырдаал курчуду

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы саат 07.00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуганын билдирди.

Саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын чек ара отряддарын жана Эки-Таш, Чир-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Ош райондорундагы кыргыз тараптын позицияларын аткылоого киришти.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын Көк-Таш чек ара заставасынын жооптуу бөлүгүн минометтон аткылай баштады.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасына жайгаштырылган бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө.

УКМКнын ПСи кырдаалды турукташтыруу жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх