Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кумтөрдүн мурдагы аткаруучу директоруна кылмыш иши козголду

Ал издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы аткаруучу директору К.Курмановго 246-берене (Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу) боюнча айып тагылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы аткаруучу директорго карата кылмыш ишин козгоду.

К.Курмановго карата сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулуп, ага издөө жарыяланган.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх