Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык аймак боюнча атышуу уланууда
Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын жолугушуусу пландалууда
Бүгүн саат 09:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуп турат.
“Кызыл-Бел-автодорожный” өткөрүү пунктунда Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалууда.
Жыйынга тараптардын чек ара өкүлдөрү катышат.
УКМКнын чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык аянт боюнча атышуу уланып жатканын белгилейт.
Тажик тарап танктарды, бронетранспортерлорду, жөө аскерлердин согуштук машиналарын жана минометторду колдонууда.
КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан өздүк курамы кармашты улантууда.
Кыргызстандын чек арачылары тажик тараптын куралдуу агрессиясына жооп кылып, душманды ок атышууну токтотууга мажбурлоо үчүн колдо болгон бардык техникаларды жана куралдарды колдонуу менен адекваттуу чараларды көрүүдө.
КР УКМКсынын ПК
Сүрөт www