ТИМ Жээнбек Кулубаев Тажикстандын ТИМи менен чек арадагы кырдаалды талкуулады
Кыргыз тарап кайрадан көйгөйлөрдү саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды
Бүгүн, 16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин ортосунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Кыргыз тарап чек арадагы көйгөйлөрдү саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.
Кулубаев Мухриддин менен дайыма байланышта болуп, чек ара аймагындагы оор кырдаалды жөнгө салууда.
КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз