­
Тажик тарап ок атышууну токтотуу келишимине карабастан Кыргызстандын позицияларын аткылоону улантууда - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тажик тарап ок атышууну токтотуу келишимине карабастан Кыргызстандын позицияларын аткылоону улантууда

Буга чейин сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чек ара ведомстволорунун жетекчилери саат 10:00дөн тарта ок атышууну токтотууну макулдашышкан

Саат 10:15ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуп турат.

Ок атышууну токтотуу жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында КР УКМКнын Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Чек ара аскерлеринин колбашчысы телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө чек ара ведомстволорунун жетекчилери эртең мененки саат 10:00дөн тарта ок атышууну токтотууну макулдашты.

Бирок тажик тарап Кыргызстандын позицияларын аткылоону улантууда.

Саат 8:30дан баштап КР УКМКнын Чек ара кызматы ок атышууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылууда. Бирок эртең мененки саат 8:30да да, 10:00дө да тажик тарап келишимдерди аткарган эмес.

КР УКМКнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх