Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө
Буга байланыштуу чек арада ок атуулардын интенсивдүүлүгү азайып баратканы белгиленет
Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ок атышууну токтотуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Сүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов катышууда.
Ушуга байланыштуу атышуу азайып жатат. Ок атышууну толук токтотуу жана кырдаалды андан ары жөнгө салуу боюнча иштер жүрүп жатат.
КРнын УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз