УКМК: Тышкы агрессиянын мизин кайтарууга күч жана каражат жетиштүү
Коопсуздук кызматы Баткен багытында курал-жарак жана ок-дарылардын жетишсиздиги тууралуу маалыматтын баары чындыкка дал келбейт
Чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абалды жөнгө салуу иштери жүрүп жатат.
Баткен багытында курал-жарак, ок-дарылар, башка материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жетишсиз экендиги тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет булактарында айтылган баардык маалыматтар чындыкка дал келбейт.
Коопсуздукту камсыз кылуу жана тышкы агрессиянын мизин кайтаруу үчүн жетиштүү күчтөр жана каражаттар бар.
КР УКМК коомчулукту фейктерге ишенбөөнү катуу сунуштап, интернет коомчулугун, журналисттерди, блогерлерди коомчулукту дүрбөлөң салбоого чакырат.
УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www