Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттик аппараттын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери бир күндүк маяналарын Баткен облусунун тургундарына жардам катары которушат

Бир күндүк эмгек акысын которууну каалагандардын тизмеси толукталууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу конфликттен жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларына жардам катары бир күндүк эмгек акысын которушат.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын бардык министрликтеринин эмгек жамааттары Баткен облусундагы чек арадагы окуяга байланыштуу өздөрүнүн бир күндүк эмгек акысын материалдык жардам катары которушууда.

Мындан тышкары, башка мамлекеттик органдар да бир күндүк маянасын которушууда.

Бир күндүк эмгек акысын которууну каалаган мамлекеттик органдардын тизмеси толукталууда.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх