Республикалык жана Оштогу психиатрия жана наркология борборлорунун адистери Баткен шаарынын тургундарына психологиялык жардам көрсөтүүдө
Ошондой эле Жалал-Абад облусунан беш адис Баткен облусуна барып, эвакуацияланган тургундарга жеринде психологиялык жардам көрсөтүүдө
Республикалык жана Оштогу психиатрия жана наркология борборлорунун адистери Баткен шаарынын тургундарына психологиялык жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.
Баткен районунун чек арага жакын айылдарынын эвакуацияланган тургундарына психиатр, психотерапевт жана клиникалык психологдордон турган 15 адис психологиялык жардам көрсөтүүдө.
Учурда Лейлек районунда 8 адис, Баткен шаарында 2, Кадамжай районунда 3, Боз-Адыр айылында 2 адис иш алып барышат.
Республикалык психиатрия жана наркология борборунан (РПНБ) сегиз дарыгер жардам көрсөтүү үчүн учуп кетти.
Ошондой эле, эвакуацияланган тургундарга жеринде психологиялык жардам көрсөтүү үчүн Жалал-Абад облусунан беш адис Баткен облусуна жөнөп кетишүүдө.
КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борбору
КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин фото пресс-борбору