Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саат 14:20да тажик тарап Чоң-Алай районундагы кыргыз чек арачылары тарапты аткылоону токтотту
КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы Ош облусунун Чоң-Алай районундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысы Генерал-полковник Раджабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саат 14:20да тажик тарап Ош облусунун Чоң-Алай районунун Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын миномёттон жана артиллериялык куралдан атууну токтотту.
УКМКнын маалымат жана байланыш бөлүмү
сүрөт www