Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбек Кулубаев КМШнын Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы азыркы кырдаалды талкуулашты

Бүгүн, 2022-жылдын 17-сентябрында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы – Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы азыркы кырдаалды талкуулашты.

Кыргыз тарап учурдагы абал боюнча актуалдуу маалыматтарды берип, Кыргыз Республикасынын деэскалацияга умтулуусун жана кырдаалды саясий жана дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу боюнча өзгөрүүсүз позициясын баса белгиледи.

Өз кезегинде Сергей Лебедев кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан окуялар олуттуу тынчсызданууну жаратып жатканын белгилеп, ошондой эле бул маселе боюнча КМШ түзүмдөрү менен консультацияларды өткөрөрүн билдирди.

Сергей Лебедев Кыргызстандын аскер кызматкерлеринин жана жарандардын каза болгондугуна байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтып, ошондой эле биргелешкен күч-аракет менен жаңжалды тез арада чечүү жолдору табылаарына ишеним билдирди.

КРнын ТИМ басма сөз кызматы
фото КРнын ТИМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх