Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Бардык түзүмдөрдүн жакшы координацияланган ишинин натыйжасында чек ара аймактарынын 137 миңге жакын тургуну эвакуацияланды

Баткен облусуна азык-түлүк жана керектүү буюмдар үзгүлтүксүз келип жатат

КР УКМК төрагасынын орун басары – КР МУКК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында комиссиянын иши улантылып жатканын КР УКМКсы билдирди. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатакты тез арада жөнгө салуу, ок атышууну токтотуу жана мамлекеттик чек аранын бардык периметри боюнча чыңалуунун жаңы булактарынын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү. Жеринде иштер жүрүп жатат.

Мындан тышкары, кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунан жабыркагандарга материалдык жана башка жардам көрсөтүү үчүн республика боюнча гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары уюштурулган.

Бүгүнкү күндө күч блогунун бардык түзүмдөрүнүн жана жарандык сектордун жакшы координацияланган ишинин натыйжасында чек арага жакын жайгашкан райондордун 137 миңге жакын жашоочусу аткылоо аймагынан эвакуацияланды.

Ошол эле учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Мамлекеттик материалдык резервдер, БУУнун агенттиктери, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактары жабыркагандарга эң зарыл болгон товардык жана материалдык жардамдарды жөнөтүүдө.

Баткен облусунда азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү товарлар үзгүлтүксүз камсыздалууда.

КР УКМК өлкөнүн бардык жарандарын ынтымакка, биримдикке жана чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырат.

Ошону менен бирге КР УКМК жарандык активисттерге, ЖМК өкүлдөрүнө, бейөкмөт уюмдар секторуна жана коомчулукка түшүнүүчүлүк жана кырдаалды турукташтырууга көмөктөшкөн активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирет.

УКМКнын басма сөз борбору
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх