Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК жарандарды гуманитардык жардам менен пиар кылбоону суранат

"Жеке жарандар өздөрүнүн жеке максаттарын көздөп, көрсөтүлгөн жардамды ашкере жарнамалоого аракет кылып, коомчулуктун алдында өзүн аракет кылышат"

17-19-сентябрь аралыгында Баткенге 700 тоннага жакын гуманитардык жүк жеткирилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди

«Республиканын бардык аймактарынан гуманитардык жардамдар келүүдө. Ушул оор күндөрдө көрсөтүлгөн колдоо өлкө жарандарынын ынтымагынын көрсөткүчү болуп саналат, деп белгиледи Мамлекеттик комитет. «Ошол эле учурда айрым жарандар түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, өздөрүнүн жеке максаттарын көздөп, көрсөтүлүп жаткан жардамды ашкере жарнамалоого аракет кылып, коомчулуктун алдында өзүнүн инсанын көрсөтүүдө. Учурдагы кырдаалга карабастан, өзүн-өзү жарнамалоодон, коомчулуктун макулдугун алуу аракетинен жана башка “дивиденддерден” алыс болуу керек.

Ушуга байланыштуу бардык жарандарды жабырлануучуларга колдоо көрсөтүүдө өзүн-өзү жарнамалоодон алыс болууга чакырабыз”.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх