Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Тажикстан согуштук аракеттерди толук токтотуу боюнча протоколго кол коюшту (видео)

Аскерлерди жана согуштук техниканы туруктуу жайгаштыруу жерлерине алып чыгуу чечими кабыл алынды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу иштеринин алкагында, 19-сентябрда кечке жуук, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен кезектеги жолугушуу болду.


Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атышууну токтотуу жана кырдаалды басаңдатуу боюнча мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында тараптар Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек ара аймактарындагы куралдуу кагылышууну жөнгө салуу жөнүндө протоколго кол коюшту. согуштук аракеттерди толук токтотууну, аскерлерди жана согуштук техниканы туруктуу жайгаштырылган жерлерине алып чыгууну, чек ара заставаларын жана комендатураларды биргелешип текшерууну, 14-жана 16-сентябрда болгон куралдуу кагылышууларды кылдаттык менен териштирууну камсыз кылат.


Протоколго кыргыз тараптан Ташиев, тажик тараптан Ятимов кол койгон.

Чек ара аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту тез арада калыбына келтирүү боюнча тараптардын биргелешкен иши уланууда.

УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх