Кыргыз блогерлери Тажикстандын жарандарына кайрылууда (видео)
"Биз тынчтыкты каалайбыз!"
Кыргызстандык блогерлер Тажикстандын жарандарына кайрылышты. Социалдык тармактарда коңшу өлкөнүн тургундарына видео кайрылуу пайда болду.
«Биз, Кыргызстандын жарандары, сиздерге, Тажикстандын жарандарына кайрылгыбыз келет. Урушкубуз келбейт, күнөөлүбүз келбейт, сүйлөшкүбүз келет. Сентябрь айы – балдар өз айылынан, октон, жарылуудан качпай, мектепке барышы керек болгон учур. Көп жылдардан бери чечилбеген чыр-чатактардан улам көптөгөн үй-бүлөлөр үйлөрүнүн өрттөнүп, анан кайра куруп жатканын көрүүгө аргасыз болушат.
90-жылдары Тажикстандагы жарандык согуш маалында миңдеген качкындарды кабыл алып, алар менен нан жана баш калкалоочу жайды бөлүшүп, жардамга биринчилерден болуп биздин өлкө жооп берген. Алар дагы деле бизде, Кыргызстанда жашашат. Чыр-чатакка катышкан тараптардын тынчтык келишимине кол коюусуна Кыргызстан салым кошкон.
Биздин мамлекеттердин чек ара аймактарында азыр эмне болуп жатканын билесиздер. Тажик аскерлери Кыргызстанга басып кирген. 130 миңден ашуун кыргызстандыктар ок жана снаряддардан качууга аргасыз болушкан. Алар үйлөрүн, малдарын, кийимдерин таштап, өздөрүн жана балдарын сактап калышты.
Күнү-түнү баардык кыргызстандыктар чыр-чатактын тезирээк чечилишине үмүттөнүп, Баткен элине жардам чогултууда. Эч ким кыйналбашы үчүн эл акыркысын берүүгө даяр.
Бир эле кыргыздар эмес, тажиктер арасында да каза болгондор жана жарадар болгондор бар. Согуштук аракеттерден жапа чеккен кыргызстандыктардын эң жашы тогуз ай. Качып баратканда аткылоодон каза болгон он беш жаштагы кыз. Бул сен каалаган нерсеби? Араңарда же бизден бирөө согушту каалайбы? Жакындарыңызды көмгүңүз келеби? Жок!
Биз тынчтыкты каалайбыз! Келгиле, бул зомбулукту токтотолу. Биз бул мыйзамсыздыкты токтотууга чакырабыз.
Коңшу болгондуктан чогуу жашадык, жашап келдик жана мындан ары да жашай бермекчибиз. Орток тарыхыбызды канга, азапка толтурбашыбыз керек. Башкаруучулар алмашат, бирок элдер калат. Биздин келечегибиз бүткүл Борбордук Азиянын биримдигинде», — деп айтылат кайрылууда.
Сүрөт www