Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит каза болду

Бизнес укуктарын коргоочу 2019-жылдан бери кызматта

Кыргыз Республикасынын бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит каза болду. Бул тууралуу маалымат Бизнес-акыйкатчы институтунун расмий баракчасында жарыяланды.​

Робин Орд-Смит 2019-жылдан 2022-жылга чейин Кыргызстандын бизнес-омбудсмени – өкмөт тарабынан ишкердик субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктарды берген адам болуп иштеп, өлкөнүн тарыхында биринчи бизнес-омбудсмен болуп калды.

2019-жылдын августунда кызматка киришкенге чейин ал дипломатиялык кызматка 30 жылдан ашык убакыт арнап, көптөгөн дипломатиялык кызматтарды аркалаган, анын ичинде Алжирде, Румынияда, Малайзияда, Германияда, Жапонияда жана Иракта. Орд-Смит Улуу Британиянын Тажикстандагы элчиси (2012-2015), андан кийин Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси (2015-2018) болгон.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх